Жибек Ахмедова: “Эл үмүтүн актап, ак ниет кызмат кылам”

“Быйыл парламентке  карапайым калк арасынан суурулуп чыккан жаштардын, мага окшогон жөнөкөй мугалимдердин келүүсүнө шарт түзүлдү”. Мындай пикирин бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарында шайлоочулар менен болгон жолугушууда “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Жибек Ахмедова билдирди.

Айтымында, шайлоо мыйзамына кирген өзгөртүүлөр өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон чоң бурулуш. Себеби эл эми партияны гана эмес, тизмедеги өзү каалаган талапкерди дагы тандайт.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңешке депутат болуп келип калса, эл үмүтүн актап, ак ниет кызмат кыла турганын айтты.

“Мен Ош жергесинин кызымын. Катардагы карапайым агартуучумун. Парламентте билим берүүгө багытталган маселелерди көтөрүп чыгып, тармактын абалын жакшыртууга салым кошууга кудуретим жетет”, – деди ал.

АЛЬЯНС – 3 – БИР КҮЧ!
Жибек Ахмедова – 48

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.

Аткаруучу: ОО «Масс Медиа Групп»

Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 155

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы

Нускасы: 1

Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 13-ноябры

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).