Сузак: бир тууган ага-ини чатырда түтүнгө ууланып каза болушту

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир тууган ага-ини чатырда түтүнгө ууланып каза болушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 29-октябрь күнү болгон.

Анда 1973-1975-жылы туулган бир туугандар Чоң-Таш жайлоосуна барышкан. Алар чатырдын ичине от жагып уктап калып, түтүнгө ууланып каза болушкан.

Маркумдардын жакындары эч кимге доо арызы жок экенин айтышып, соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.