Жылдын аягына чейин дизелдин баасы дагы 12 сомго, бензиндики – 7-8 сомго көтөрүлүшү мүмкүн

Ушул жылдын аягына чейин дизель майынын баасы 12 сомго көтөрүлүп, бензиндин баасы дагы 7-8 сомго кымбатташы мүмкүн экенин ММКларга Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов билдирди.

Анын айтымында, азыркы маалда нефтетрейдерлер дизелдик күйүүчү майдын жетишпестигине туш болуп жатышат.

Ассоциациянын жетекчиси белгилегендей, прогноздолгон бул баа Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда коюлган баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу болуп жатат.

Өз кезегинде саясат таануучу Денис Бердаковдун айтымында, трейдерлерде бааларды жогорулатууга объективдүү себептери бар. Биринчиси – бүткүл дүйнө боюнча энергия алып жүрүүчүлөрдүн тегерегиндеги инфляция. Экинчиси – Россия менен Казакстандагы мунай иштетүүчү заводдордун жабылып жатышы.

“Бирок, бир жылдан кийин, заводдор ачылган кезде, бензинге болгон баа кайрадан ылдыйлайт. Азыркы учурда баалардын көтөрүлүп жатышынан эч кайда кача албайбыз”, – деп BULAK.KG сайтына Денис Бердаков айтты.

Ошондой эле, мамлекеттик органдар бензинге болгон бааны канчалык кармаганга аракет кылбасын, көпкө чейин бир калыпта кармоо мүмкүн эмес деп эсептейт.

“Азыркы тапта күйүүчү майларды сатуу пайдалуу иш болбой баратат. Нефтетрейдерлердин ою боюнча рентабелдүү баа – азыркы баага кошула турган 8-12 сом. Бирок, мамлекет мындайга макул болбой, болушунча узагыраак убакка баанын көтөрүлүшүн созуп жатат. Баалар менен көпкө чейин ойноо болбойт, баары бир алдыда көтөрүлөт же дефицит болот”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле, анын белгилөөсүндө, мамлекетте бааны бир калыпта кармап турууга атайы ыкмалары бар. Кошумча наркка болгон салыкты алып салса, майдын баасы дароо 12 сомго түшөт, бирок бюджетти толуктоо маселеси келип чыгат деп эсептейт.