Бакиевдин портрети алынып салынгандан кийинки көрүнүш

Буга чейин ИИМдин БМЖКККнын имаратынын фойесинде маңзаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчилеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн стенд ачылып, анда Жаныш Бакиевдин портрети коюлган.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жана аталган кызматтын башчысы Уланбек Султанов да катышты. Стендден качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы тартылган сүрөтү көрүндү.

Жаныш Бакиевдин өзү издөөгө алынып, бардык аскердик наамдарынан ажыратылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

БМЖККК Жаныш Бакиевдин сүрөтү буга чейин тартылганын кабарлады. Бөлүм түшүнбөстүк үчүн коомчулуктан расмий кечирим сурады.

Портрет ким такканы изилденет.