
Кыргызстандын командасы атаандаштарын 2:1 эсебинде утуп алды
11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Сингапурдун командасын утуп алды. Беттеш Дубайда өттү.
Эсеп 2:1 болду.
Атаандашынын дарбазасына голдорду футболчулар Айзар Акматов менен Эрнист Батырканов киргизди.
Сингапур курамасынын дарбазасына гол 3-мүнөттө киргизилди. Экинчи гол 9-мүнөттө киргизилди.
Белгилей кетсек, 16-ноябрда Кыргызстандын курама командасы Бахрейн курама командасы менен беттешет.