Жаныш Бакиевдин портрети стендден алынды, – ИИМ

Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт.

Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Ж.Бакиевдин дагы портрети дагы кошулган.

Бирок, бул кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынды.

1636618346 zhan Жаныш Бакиевдин портрети стендден алынды, - ИИМ

Эске салсак, 10-ноябрь күнү ИИМдин БМЖКККнын имаратында Ички иштер министринин орун басары Н. Абдиевдин катышуусу менен ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүгүнүн мурда жетектеген башчыларынын стендин ачууга байланыштуу салтанаттуу азем өткөрүлдү

ИИМдин Басма сөз кызматы