Унаа токтотуучу жайда аялды сабаган адам кармалды

Бишкек шаарындагы соода борборунун бириндеги унаа токтотуучу жайда аялды сабаган шектүү кармалды.

Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 10-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган 1993-жылы туулган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Эске салсак, буга чейин окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен бирдиктүү реестрге катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.