Коронавирус дагы 108 адамдан табылды, үч киши каза болду

11-ноябрга карата коронавирус дагы 108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Облустар боюнча катталгандардын саны:

  • Бишкек шаарында – 47;
  • Чүй облусунда – 35;
  • Ош облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 9;
  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Баткен облусунда – 2.

Эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 118 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 552 бейтап, амбулатордук түрдө 797 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 90 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 176 миң 510 киши айыгып чыкса, 2 миң 699 адам каза болду.