Дарыканаларда дарылар жарактан чыгып калып жатат, – депутат

Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөгөн депутат Аккулу Бердиев жарык өчкөн жерлериндеги дарыканаларда дарылар жарактан чыгып калып жатканын айтып, бул боюнча чара көрүүнү суранды.

«Айрым жерлердеги дарыканаларда электр жарыгы өчүп дарылар жарабай калып жатыптыр. Жарактан чыккан дарыларды алган бейтаптар ууланганы да кабарланууда. Дарыканаларда жарыкты өчүрбөй тургандай кылсаңыздар жакшы болмок»,— деди депутат.