Айнуру Алтыбаева сузактык жигитке Ардак грамота берүүнү сунуштады

Депутат Айнуру Алтыбаева тышкы карызды төлөөгө салымын кошкон жарандарга ыраазычылык кат тапшырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Пандемиядан улам дүйнөлүк экономикада, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө көптөгөн кризис маселелери болуп жатат. Мага бир топ аялдардын коомдук бирикмелери кайрылып, тышкы карыз боюнча маселелерди көтөрүштү. Биз кийин президентке кайрылганбыз.

Финансы министрлигинде атайын эсеп ачылган. Ошол боюнча аялдар салым болсун деп пенсиясынан, айлыгынан акча которуп жатышат. Мекенчил жигит чоң көлөмдөгү акча которгон. Ошого ыраазычылык кат, мүмкүн президенттин атынан Ардак грамота берүүнү өтүнөбүз”, – деди ал.