Telegram мессенжеринде алгачкы расмий жарнама пайда болду

7-ноябрда Telegram мессенжеринде биринчи расмий жарнама пайда болду. Буга чейин мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров тармакта реклама жайгаштырыла баштай турганын жарыялаган.

“Sponsored” белгиси бар билдирүү мессенжердеги көптөгөн ири каналдарда акыркы чыккан посттордун алдында пайда болду.

222 Telegram мессенжеринде алгачкы расмий жарнама пайда болду

Telegram мессенжери расмий жарнамалык билдирүүлөрдү 4-ноябрда сыноодон өткөргөн.

Мессенжердин негиздөөчүсү жарнама катталуучулары миңден кем эмес каналдарда гана пайда болорун билдирген. Жарнамалык материалдар чаттардан жана топтордо көрсөтүлбөйт. Колдонуучуларга “Телеграмдагы” жарнамаларды өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгү берилери күтүлүүдө.