Актау шаарындагы эки кабаттуу кафеде катуу жарылуу болду, – видео

Казакстандагы Актау шаарындагы эки кабаттуу кафеде катуу жарылуу болуп, имарат толугу менен талкаланды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Кафенин жанында токтоп турган 11 унаа талкаланды.

Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда автоунаалар кетип бара жатканда жолдун сол тарабынан үрөй учурган жарылуу болгонун көрүүгө болот.

Ал жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн 17 бригадасы, куткаруучулар жана кырсык боюнча борбордун бир автоунаасы чыгып кеткен.

«Жабыркагандар жок. Жарылуу болгон учурда кафеде кызматкерлер жана коноктор болгон эмес. Жарылуу газ баллондон улам келип чыкканы айтылууда», — деп жазылат маалыматта.