Спортчуларды кантип тосуп алышты, – сүрөт

Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Назира Марсбек кызы Дүйнө чемпионатынан Бишкекке келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кечээ, 7-ноябрь Бишкек шаарына спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы жана башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков келди.

d042d177 87c9 488e ab11 48b7a9bc26f3 Спортчуларды кантип тосуп алышты, - сүрөт

Курама команда мүчөлөрүн «Манас» эл аралык аэропортунда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурлан Исмаилов, КРнын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова жана башка спортчулардын жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.

ab046bb3 a512 4fef 8cee 10f31b065a74 Спортчуларды кантип тосуп алышты, - сүрөт
100df831 84e1 41c8 9466 b2a6d019f3a9 Спортчуларды кантип тосуп алышты, - сүрөт

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чепионаты 1-ноябрда Белград шаарында (Сербия) старт алган. Анда Айпери Медет кызы алтын медалды багындырган.

100df831 84e1 41c8 9466 Спортчуларды кантип тосуп алышты, - сүрөт