Алтынбек Сулайманов бюрократияны жоюуга сөз берди

“Альянс” саясий партиясынан талапкер Алтынбек Сулайманов бүгүн, 8-ноябрда Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушту. Талапкер алгач тургундарга шайлоонун жаңы системасын түшүндүрүп берди.

photo1636367194 1 Алтынбек Сулайманов бюрократияны жоюуга сөз берди

“Мурда шайлоочулардын кайсы бир бөлүгү административдик ресурстун үстөмдүгү астында жыйналыштарга катышууга аргасыз болчу. Учурда үгүт иш-чаралары башкача өтүп жатат. Эл үгүт иштерине өзү каалагандай катышууда”, -деди ал.

Сулайманов Зулпуев айыл өкмөтүнүн тургундарынын алдында жүзү жарык экенин айтып, аларга ыраазычылыгын билдирди. Ал эл үчүн күчүн аябай кызмат кылууга даяр экендигин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары Алтынбек Сулаймановго бир катар сунуштарын айтышты. Алар жөлөк пул алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга, ооруканада операция үчүн акча талап кылган көрүнүштөрдү жокко чыгарууга көмөктөшүүсүн өтүнүштү.

photo1636367228 Алтынбек Сулайманов бюрократияны жоюуга сөз берди

Социалдык мекемелерде мындай коррупциялык схемалар илгертен калыптанып калганын айткан Сулайманов, бул өңдүү терс көрүнүштөрдү жоюуга “Альянс” партиясынын күчү, билими жана тажрыйбасы жетерин кошумчалады.

АЛЬЯНС – 3 – БИР КҮЧ!
Алтынбек Сулайманов – 5

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 8-ноябрь, 2021-жыл.