Аалы Карашев талапкерлигин алды

Бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Аалы Карашев талапкерлигин алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Өзгөн, Куршаб шайлоо округдарынын атайын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, талапкер Аалы Карашев бүгүн, 8-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо өз талапкерлигин алгандыгы боюнча арызын берген.