Дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте ишемби жана жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара шаардын Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында болот. Арзан азыктарды саткан жарманке саат 9:00дө башталат.

Маалымат үчүн телефондор: 0707 702 703, 0771 949 499, 0700 652 637