Жарым жылаңач болуп бийге түшкөн окуучулар сынга кабылды

Социалдык тармактын колдонуучулары мектеп окуучуларынын бийлеп жатканы тартылган видеону таратышты.

Жарыяланган видеодо досканын алдында туруп үстүнкү кийимин чечип алып бийлеп жаткан окуучу балдар тартылган.

Соцтармак колдонуучулары жарым жартылай жылаңач болуп бийге түшкөн окуучулардын жүрүм-турумун сынга алышууда.