Бишкекте 4-кабаттан аял кулады

Бишкекте куткаруучулар 4-кабаттан 1-кабаттын бастырмасына кулап түшкөн аялды түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Байтик Баатыр көчөсүнүн №37 үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатында орнотулган бастырмага болжол менен 25-30 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда) кулап түшкөн.

251815937 252574196915314 6308859531033285792 n Бишкекте 4-кабаттан аял кулады

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Белгиленгендей, анын абалы канааттандырарлык, колунан жаракат алган