Калкы каттоо жараяны 2022-жылы 25-марттан 3-апрелге чейин болот

Кыргызстандын калкын каттоо жараяны 2022-жылы 25-марттан 3-апрелге чейин болот. Айрым тоолуу аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда белгиленген.

Токтомго ылайык, Кыргызстанда туруктуу жана убактылуу жашаган бардык адамдар, бардык турак жайлар катталат.

Жергиликтүү бийлик эл каттоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча комиссия түзүүгө, аларды коммуникациялары бар имарат менен камсыздап, иштөөсүнө шарт түзүүгө милдеттүү. Ошондой эле элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, эл каттоого иштеген адамдарга коомдук транспортто акысыз жүрүү жана башка шарттарды түзүү тапшырылды.

Мындан тышкары эл каттоого даярдык башталгандан тартып көчөлөрдүн жана элдүү пункттардын аталышын алмаштыруу убактылуу токтойт.

Эл каттоо учурунда ооруканада, санаторий-пансионаттарда дарыланып жаткандар, төрөт үйлөрүндөгү энелер жана ымыркайлар, балдар үйлөрүндөгү жана интернаттагы балдар, майыптыгы бар адамдар, карылар үйүнүн жашоочулары жана башка адамдарды каттоо өзүнчө жүрөт.