Талас облустук ички иштер башкармалыгы «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилигине сыйлыктарды тапшырды


Талас ОИИБнин жетекчилиги тарабынан жоопкерчилиги чектелген «Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Рахматов Сабирге КРнын ИИМнин «Шериктеш» медалы, «Альянс Алтын» компаниясынын башкы директорунун орун басары Исаков Женишбекке жана «Бакубат Талас» фондунун жамаатына «Ыраазычылык кат» тапшырылды.

Анда аталган компаниянын милициянын ишмердүүлүгүнө кошкон зор салымы үчүн деп белгиленди. Себеби, «Альянс Алтын» өзүнүн ишмердүүлүгүндө Талас облустук милициясына көмөктөшүп, материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүп келүүдө. Облустагы райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн имаратын оңдоп-түзөп ремонттоодо, жаңы имараттарды курууда акча каражаттарын бөлүп, керектуу жардамдарды көрсөтүп келишет.

Ички иштер башкармалыгынын борбордук аппаратына «Бирдиктуу терезе» кызматынын ачылышына да толугу менен демөөрчүлүк кылышкан. Санариптештирүүнүн алкагында облус аймагында кылмыштуулук менен күрөшүп, коомдук тартипти сактоого бир топ жеңилдиктерди жаратуу максатында 2021-жылдын ичинде 15 видео байкоо камераларын орнотуп, Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан милициянын участкалык пунктун куруп беришти.

WhatsApp Image 2021 10 29 at 15.35.09 1 Талас облустук ички иштер башкармалыгы «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилигине сыйлыктарды тапшырды

Сыйлык тапшыруунун жүрүшүндө Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис «Альянс Алтын» компаниясы «Бакубат Талас» фонду аркылуу облустагы социалдык обьектилерге жардам көрсөтүүдөн тышкары дагы милициянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Фонддун милициянын коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен курөшүүсүнө салым кошуп, финансылык жана материалдык жактан колдогону алкышка арзыйт»-деп ыраазычылыгын билдирди.

WhatsApp Image 2021 10 29 at 15.35.09 Талас облустук ички иштер башкармалыгы «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилигине сыйлыктарды тапшырды


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы