Кайсы талапкерлерге убагында кылмыш иши козголгон?

0
62

2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Жаңы Конституцияга ылайык эми парламентте 120 депутаттын ордуна 90 депутат келет. Алар беш жылга шайланып, шайлоо аралаш системада өткөрүлөт. Белгилей кетсек, 29-октябрга чейин Боршайком талапкерлердин берген документтерин Мыйзамга ылайык текшерет.

“BULAK.KG” сайты кайсы талапкерлерге буга чейин кылмыш иши козголгонун карап көрдү.   

Өмүрбек Бакиров – №4 Көк-Жар шайлоо аймагынан талапкер

2011-2015-жылдары “Республика-Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ал эми 2018-жылы КСДП партиясынын талапкерлеринин катарында 55-орунда катталган. Ага чейин “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке келген. Быйыл 2021-жылы Көк-Жар округу боюнча бир мандаттуу аймактан талапкер болуп чыкты. Azattyk.kg сайты аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турат деп жазган.

2010-жылдын май айында Бакировго Убактылуу өкмөттү басып алуу беренеси менен айып тагылган. Андан сырткары, 2004-жылы Бакиров менен кримтөбөл Алманбет Анапияевге  “Киши уурдоо”, “Тоноочулук”, “Эркиндиктен мыйзамсыз чектөө” жана “Опузалап алуу” беренелери боюнча иш козголгон.

Элмурат Обдунов – №6 Араван шайлоо аймагынан талапкер

Өткөн чакырылыштын депутаты, учурда Араван окуругунан талапкер болуп катталды. Буга чейин КРнын башкы прокуратурасы 171 – беренеси (ишенип берилген мүлктү менчиктештирүү же коротуу) жана 304 –беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогогон. 

Укук коргоо органдарынын маалыматында, 2009-2010-жылдары Элмурат Обдунов Ош мамлекеттик университетинин башкы бухгалтери болуп турган кезде Экономика жана курулуш департаментинин мурунку директору жана университеттин маркетологу менен сүйлөшүп алып, окуудан четтетилген, контракттын негизинде окуган студенттерге 136 миң 335 сомду  кайтарып берүү боюнча фиктивдүү документ тузүп, аталган суммадагы каражатты алып коюшкан.

Андан сырткары Обдунов Ош мамлекеттик университетинин ректору менен сүйлөшүп алып “ОшМУда контракт негизинде окуган адистерди даярдоо жобосуна” каршы, 265 миң сомду окуусунан жетишпей четтетилген студенттерге мыйзамсыз кайтарган. 

Максат Кунакунов – №26 Ленин шайлоо аймагынан талапкер

“Ак Жол” фракциясынын катарындагы 4-чакырылыштын депутаты, экс-мэр Албек Ибраимовдун жээни. Быйыл№26 Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкер катары коюлду.

Катуу президенттик башкарууну алып келе турган жаңы Конституциянын кабыл алыныш референдумуна каршы активдүү катышкан. 1993-жылдагы баш Мыйзамдын  редакциясына кайтууну талап кылып, демилге тобун түзгөн.

Максат Кунакунов террорчуларга көмөк көрсөтүү, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети, куралды мыйзамсыз сактоо жана тоноочулук боюнча айыпталган. Бирок, эки эпизод боюнча соттон акталса, калгандарынан күнөөлүү деп табылып ага 10 жыл берилген. 2019-жылдын июль айында Кунакунов убагынан эрте бошотулган.

Алмазбек Баатырбеков – №33 Нарын шайлоо аймагынан талапкер

№33 бир мандаттуу Нарын шайлоо округу боюнча  экс-биринчи-вице-премьер-министр жана “Кыргызстан” партиясынын мурунку депутаты Алмазбек Баатырбеков талапкерлигин койду. Ал “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга аралашкан деп айыпталган соң, тергөө менен кызматташуу тууралуу тил катка кол коюп бергенине байланыштуу үй камагына бошотулган. Маалым болгондой, экс-депутаттар мамлекеттик бюджетке ондогон миллион сом каражат да төгүп бермей болушкан.

Нурлан Ражабалиев – №2 Баткен шайлоо аймагынан талапкер

Жаңы талапкерлердин арасында. Ал №2 Баткен шайлоо округунан Жогорку Кеңешке аттанууда.

Нурлан Ражабалиев 2021-жылдын февраль айында бажыдагы коррупцияга күнөөлүү деп табылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан. Ошол маалда сотто ал 12 млн сом төлөп берди деп жарыяланган.

Ражабалиев Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары, Райымбек Матраимовдун иши боюнча бажынын башка кызматкери Абдыбахаб Боронбаев менен бирге коррупцияга айыпталып, күнөөлүү деп табылган.   

Белгилей кетсек, Ражабалиев – Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси болсо, Боронбаев -Түндүк-Чыгыш бажсынын башчысы болгон. Экөө тең тергөө менен кызматташууга макул болуп, сотто Райымбек Матраимовдун көмүскө схемасы бар экенин айтып беришкен.

 Канат Исаев №31 Чүй-Кемин шайлоо аймагынан талапкер

Жогорку Кеңештин депутаты катары эки кылмыш иши боюнча фигурант болгон. Ага Токмоктун мэри болуп турган кезде жер тилкелери боюнча махинацияларга байланыштуу айып тагылган. Биринчи Май райондук соту аны 2018-жылдын январында 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, ошол эле жылдын июнь айында Бишкек шаардык соту бул ишти кайра классификациялап, мөөнөтү өтүп кетти деп таап токтоткон.  

Жогорку сот кылмыш курамы болбогондуктан бул ишке чекит койгон. Экинчи иш – бийликти басып алуу аракети убактылуу токтотулган.

Элмурза Сатыбалдиев №12 Өзгөн шайлоо аймагынан талапкер

Элмурза Сатыбалдиев коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча президенттин мурунку мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин тактан кулаган Курманбек Бакиевдин президенттиги убагында башкы прокурордун кызматында отурган. Апрель окуялары боюнча кылмыштуу иште шектүү болуп, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айыпталган. Бирок андан соң, соттук иши жабылган.

Каныбек Осмоналиев – №31 Чүй-Кемин шайлоо аймагынан талапкер

Депутат катары иштеп, аткаруу бийлигинде да кызмат кылып жетишкен – Билим берүү Министрлигин жетектеген. Анын акыркы кызматы – министрлер кабинетинин жетекчисинин кеңешчиси. 2020-жылдын 2-мартында Садыр Жапаровду колдоп Ала-Тоо аянтындагы митингге катышкандыгы үчүн УКМК Каныбек Осмоналиевди кармап кеткен. Бийликти күч менен басып алуу аракети деп бааланган. Ал эми ошол эле жылдын 27-июнунда ал ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан чыгарылган. 2021-жылдын февраль айында минстрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Канат Сагымбаев – №34 Жети-Өгүз шайлоо аймагынан талапкер

Канат Сагымбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча иште айыпталып, Бишкектеги 1-тергөө абагына камалган. Былтыркы октябрь окуяларынын жүрүшүндө ал, саясий себептерден улам, камалып жаткан башкалардай эле митингчилер тарабынан бошотулган. Бир жылдан кийин Канат Сагымбаев октябрь окуясына байланыштуу дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү болуп кармалган. Учурда үй камагында.

Эркин Булекбаев – №23 Москва шайлоо аймагынан талапкер

2008-жылы Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы Биринчи май райондук сотуна Булекбаевге карата “Президент Курманбек Бакиевди басынтты” деген берене аркылуу дооматын берген. Кийин 2010-жылдын 13- апрелинде Биринчи май райондук соту Булекбаевди актаган чечимин чыгарган.

Ошондой эле, 2009-жылы УКМК тарабынан “Массалык башаламандык”, “Улуттук, расалык, диний жана региондор ортосундагы чагымчылдык” беренелери боюнча айыпталып тергөө абагына камалган. 2010-жылдын 9-апрелинде Москва райондук соту актаган чечимди чыгарган. Абактан Курманбек Бакиевдин режимине каршы чыккандар чыгарып кетишкен.

Булекбаев 2010-жылы убактылуу өкмөт учурунда мамлекеттик финансы полициясынын жетекчисинин кызматын убактылуу ээлеген. 1998-2005-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон.  

Белгилей кетсек, Эркин Булекбаев 2004-жылдан бери казактардын Кыргызстандагы “Алаш” коомдук бирикмесинин жетекчисинин кызматында. Ал этникалык казак.  

Равшан Сабиров –«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан талапкер

2012-жылдын 5-июлунда өзүнүн жардамчысы Тахир Мирзахмедовдун көрсөтмөлөрүнөн улам кармалган. Ал чет элдик компанияга эл аралык уюмдардан чоң суммада пара алды деп айыпталып, иши далилденип түрмөгө отуруп чыккан.

2013-жылы Сабировдун иши Бишкек шаардык соту тарабынан каралып, эркинен беш жылга ажыратылып, мүлктөрү конфискацияланган. Ошондой эле, мамлекеттик кызматтарда орун ээлегенге үч жылга тыюу салынган. 2014-жылы бошотулган.

Жогорку Сот экс-министрге коюлган бул өкүмдү ушул жылдын май айында жокко чыгарды.

Акматбек Келдибеков –«Азаттык» партиясынан талапкер

Акматбек Келдибеков Социалдык фондду, Мамлекеттик салык кызматын жетектеп, парламенттин төрагасы болгон. Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган. 2012-жылы спикерлик кызматтан кеткен соң, ага “Коррупция” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Келдибековду салык кызматындагы иши боюнча эпизоддо актаган.

2016-жылы 11-мартта Бишкектин шаардык соту аны – Жогорку Кеңештин Москвадагы атайы өкүлчүлүгүн ачкандыгы үчүн күнөөлүү деп тапкан. Келдибековду 10 млн сомго айыпка жыгып, ошол эле жылдын октябрь айында Жогорку сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

2021-жылдын 18-августунда Жогорку Сот Жогорку Кеңештин мурунку спикерине болгон өкүмдөрдү жокко чыгарды.

Мавлян Аскарбеков – №27 Биринчи май шайлоо аймагынан талапкер

Жарандык активист Мавлян Аскарбековго бийликти күч менен басып алуу чакырыктары үчүн доомат коюлган. 2018-жылдын июлунда күнөөлүү деп табылган. Бирок, Шаардык сот райондук соттун 50 миң сом айып пул жана сыртка чыкпоо чечимин кайра карап, жокко чыгарган. Ошол эле жылдын октябрь айында Аскарбеков бошотулган. Чечимди Жогорку сот чыгарып, дооматтын мөөнөтү эскиргендиктен өчүрүлгөн.

Исмаил Исаков – “Азаттык” партиясынан талапкер

2010-жылы 11-январь күнү Бишкек Аскердик соту генерал-лейтенант Исмаил Исаковду өзгөчө режимдеги колонияга 8 жылга кесип, генералдык чининен ажыраткан. Мурунку Коргоо министри өз уулу Руслан Исаковго Бишкектеги кызматтык батирин мыйзамсыз каттагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Исаков бир да эпизод боюнча коюлган күнөөнү моюнга албай, акыркы сөзүндө мунун бардыгы саясий буйрутма экендигин айткан.

2010-жылдын 15-апрелинде Кыргызстандын Аскердик сотунун коллегиясы Исаковдун иши боюнча актоо чечимин чыгарган.

Бектур Асанов – “Ата Мекен” партиясынан талапкер

2009-2010-жылдары Кыргызстандын Пакистандагы элчиси жана Жалал-Абад облусунун губернатору кызматтарында отурган. 2011-жылы “Эгемен Кыргызстан” партиясы, лидери Бектур Асановдун талапкерлигин президенттикке койгон. Бирок, ал өзү талапкерлигин мамлекеттик тил экзамени баштала электе алып койгон.

Асанов Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери болгон. 2015-жылы ал ошол маалдагы президент Атамбаевди Бишкектин райондор аралык сотуна берген. Ал дооматында Атамбаев мыйзамды бузуп, өзү түптөгөн КСДП партиясын ачык колдоп жатат деп билдирген.

Мындан ары 2016-жылы Бектур Асанов КСДП партиясынын экс-депутаты Кубанычбек Кадыров менен бирге бийликти күч менен басып алуу иши боюнча 12 жылга кесилген. Бирок, 2019-жылы сот мурунку депутаттарды амнистия боюнча кое берген.

Равшан Жээнбеков – №26 Ленин шайлоо аймагынан талапкер

12-октябрь күнү тергөө абагында жаткан экс-депутат Равшан Жээнбеков абак кызматкерлеринин коштоосунда Боршайкомго өз документтерин тапшырып, ЖК депутаттыгына талапкер болом деген арызын жазды.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча 2019-жылдын 12-декабрында кармалып 2020-жылдын октябрында болгон башаламандыктар маалында бошотулган. Ушул жылдын 5-августунда сот саясатчыны үй камагынын эрежелерин бузду деген негизде кайрадан абакка камады.

Талант Мамытов – “Ынтымак” партиясынан талапкер

Талант Мамытов оппозициялык “Ата-Журт” партиясынан депутат болгон. 2021-жылы 3-октябрда бийликти басып алуу аракети болду деген берене менен кармалган. 2013-жылы “бийликти күч менен басып алуу” беренесинде күнөөлүү деп табылып, бир жылга эркинен ажыратылган. 2015-жылы мөөнөтү аяктаган соң бул иш жабылган. 2020-жылдын октябрында Жогорку сот Талант Мамытовду толугу менен актаган.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.