Оштун тургуну 9-кабаттан боюн таштоого аракет жасады

Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдүн 9-кабатынан 35 жаштагы Т.Н. аттуу келин боюн таштоого аракет жасады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымат түшөөрү менен жергиликтүү 4 куткаруучу окуя болгон жерге барып, өзүн жанын кыюууга аракет жасап жаткан келинди өлүмдөн сактап калышкан. Андан ары тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

whatsapp image 2021 10 Оштун тургуну 9-кабаттан боюн таштоого аракет жасады
whatsapp image 2021 10 Оштун тургуну 9-кабаттан боюн таштоого аракет жасады

 
Учурда келин эмне себептен өз жанын кыюу боюнча маалыматты ачыкка чыгарыша элек.