Садыр Жапаров ноябрда Стамбулда өтө турган саммитке катышмакчы

Президент Садыр Жапаров ноябрда Стамбулда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-саммитине катышат.

Сапардын алкагында ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон менен жолугушары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

29-октябрда Жапаров Түркиянын Соода биржалар жана палаталар бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык маселелери жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Сүйлөшүү учурунда Жапаров Эрдоган менен жолугушууну пландап жатканын айтты.

Садыр Жапаров 2021-жылы июнда Түркияга расмий сапар менен барып, Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан. Анда сүйлөшүүлөрдүн башкы темаларынын бири соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү болгон.

23-октябрда өткөн маалымат жыйыны учурунда мамлекет башчы эпидемиологиялык абал турукташары менен Кытайга барууну пландап жатканын айткан. Мындан тышкары ал араб жана Европа өлкөлөрүн кыдырууга ниеттенүүдө.