Алтынбек Сулайманов: “Биз бийликке кемчиликтерин да айтып, аны чечүү жолун дагы сунуштайбыз”

“Альянс” саясий партиясынан талапкер Алтынбек Сулайманов бүгүн, 29-октябрда үгүт иштерин кичи мекени Ноокаттан баштады. Талапкерди шайлоочулар жылуу кабыл алышты. Бүгүн ал үчүн кубанычтуу күн экенин айткан Сулайманов алгач аксакалдардан бата алды.

foto 2 s Алтынбек Сулайманов: “Биз бийликке кемчиликтерин да айтып, аны чечүү жолун дагы сунуштайбыз”

Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынын депутаты болуп турганда эл үчүн жасаган иштерине кыскача токтолуп, бул жолу дагы берген убадаларына бек турарын баса белгиледи. Айтымында, быйылкы шайлоо өзгөчө болот. Алтынбек Сулайманов демилгелеген мыйзамдын негизинде элге тандоо укугу кайтарып берилди.

foto 3 a Алтынбек Сулайманов: “Биз бийликке кемчиликтерин да айтып, аны чечүү жолун дагы сунуштайбыз”

“Кудай колдоп партиябыз парламентке келсе, айыл өкмөттөрдү жана шаар мэрлерин эл шайлай тургандай мыйзам долбоорун демилгелейбиз. Эл өз жетекчисин өзү шайлашы керек. Биз дайым айткандарыбызды аткарып келебиз”,- деди Сулайманов.

foto 4 a Алтынбек Сулайманов: “Биз бийликке кемчиликтерин да айтып, аны чечүү жолун дагы сунуштайбыз”

Ал учурда өлкө экономикасы солгундап, таза суу, жолдорду оңдоо сыяктуу социалдык маселелер дагы курч тургандыгын айтты. Ошондой эле тайманбас, курч мүнөзү менен бийликтин көзүнө тике карап чындыкты жактаган көз карашынан тайбай тургандыгын кошумчалады.

foto 5 a Алтынбек Сулайманов: “Биз бийликке кемчиликтерин да айтып, аны чечүү жолун дагы сунуштайбыз”

“Биз уят кылбайбыз. Буга чейин парламент трибунасынан сиздерди жер караткан жокмун. Эл макулга мен да макулмун. Кошомат кылып, бирөөнү ээрчип кеткен жокмун. “Шайлоого эмнеге бийлик партиясынан келбейсиң?” деп сурашат. Биздин өз көз карашыбыз, өзүбүздүн багытыбыз бар. Бийликти сындап, жоголсун, кетсин дегенден алысмын. Бирок кемчиликтерди айтуу менен катар эле, аларды чечүү жолун дайыма айтып келгенбиз. Бүгүн да айтабыз”,- деди Алтынбек Сулайманов.

Алтынбек Сулайманов – Эл макулга мен макул!

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К. Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 29-октябрь, 2021-жыл.