
Бишкекте эркек адам курулуп жаткан имараттан секирип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине күбөлөр билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Совет-Донецкий көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имараттын 8-кабатында турат. Окуя болгон жерде ӨКМ жана милиция кызматкерлери иштөөдө.

“Эркек адам 2 сааттан бери турат, мындан мурда ал чөнтөгүнөн телефонун, тыйындарын ыргытып жиберген. Азыр милиция кызматкерлери ал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, – деди күбө.