Ысык-Көлдө мал уурулук үчүн 2 жаран кармалды

Ысык-Көл РИИБдин мобильдик тобунун жана айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун Тамчы айылынын ичинде «Фольксваген-Пассат» автоунаасы токтотулган. Автоунаанын тийиштүү иш кагаздарын текшере башташканда, айдоочу, Кош-Көл айылынын 20 жаштагы тургуну А.Н. жана анын жүргүнчүсү, ошол эле айылдын тургуну 21 жаштагы Ы.Т. тынчсызданып киришкендиктен, милиция кызматкерлери автоунааны кароо жүргүзүүнү чечишет. Кароо жүргүзүү учурунда, автоунаанын багажнигинен 2 баш кой, тийиштүү уруксат кагаздары жок табылат.


Жагдайды аныктоо максатында, автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинет. Алып келинген жарандарды сурак жүргүзүү учурунда, алар айылдашынан 2 баш койду уурдап, Токмок шаарына сатып жиберүүгө бара жаткандыгы аныкталат.
Аталган факт райондук милициянын КЖБРне катталып, жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, жабырлануучуга 20 миӊ сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени тастыкталат.


Учурда, жабырлануучуга матуриалдык зыян толугу менен кайтарылып берилди. Райондук соттун чечими менен кармалган жарандарга «үй камагына алуу» баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

WhatsApp Image 2021 10 25 at 07.57.39 1 Ысык-Көлдө мал уурулук үчүн 2 жаран кармалды
WhatsApp Image 2021 10 25 at 07.57.39 2 Ысык-Көлдө мал уурулук үчүн 2 жаран кармалды
WhatsApp Image 2021 10 25 at 07.57.39 Ысык-Көлдө мал уурулук үчүн 2 жаран кармалды