Ысык-Көлдө «Кайраттуулуктун жумалыгы» акциясы өтүүдө

Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97-жылдык салтанатын белгилөө алдында Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери жана ардагерлери «Кайраттуулуктун жумалыгы» аталышында акциясын уюштурушуп өткөрүүдө. Аталган иш-чара максаты, жаш муундардын патриоттук сезимин көтөрүүгө жана куралдуу кылмышкерлердин колунан каза тапкан милиция кызматкерлеринин эрдигин урматтоого багытталган.  

2435bc97 5f9d 4bc9 aa40 9e6d9e80332d Ысык-Көлдө «Кайраттуулуктун жумалыгы» акциясы өтүүдө

25-октябрь күнү, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары А. Бекишев, Ысык-Көл райондук милициянын ардагерлер кеӊшинин төрагасы Н. Аалиев жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, Бостери айылындагы А. Мамытов атындагы мектеп-гимназиясында болушуп, жогорку класстын окуучулары менен кезигишти. Кезигүү учурунда, милиция кызматкерлери жана ардагерлер мектеп окуучуларына ички иштер органынын айрым кызматкерлери жөнүндө айтып беришип, алардын өмүрү, кылган кызматы кайраттуулуктун жана эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү болорун белгилешти.

Алардын арасында, согуш мезгилинде адамдардын өмүрүн сактап калгандар гана эмес, ошондой эле тынчтык мезгилде оор кылмыштарды жана айрыкча куралдуу кылмышкерлерди кармашып,  орден жана медалдар алышкан милиция кызматкерлери бар. 1970-жылдан баштап, куралдуу кылмышкерлердин колунан райондук милициянын төрт кызматкери каза болушкан. Алардын жаркын элесине арналган айкел, Ысык-Көл РИИБдин имаратынын алдында орнотулган. 

Ысык-Көл райондук милициясынын ардагери Сатар уулу Медет болсо, бир мезгилде чогуу иштешкен кесиптештери, тергөө бөлүмчөсүнүн жетекчиси Асаналы Торгоевдин жана милициянын аймактык тескөөчүсү Аззамкул Нашировдун жасашкан эрдиктери тууралу мектеп окуучуларына баяндап кетти. Анын айтымында, 1978-жылдын 15-январында райондук милицияга телефон аркылуу кабар түшүп, анда Григорьевка айылынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон жаран, өзүнүн мергенчилик мылтыгы менен айылдын четиндеги вагонеткалардын биринде өзүнүн келинчегин жана кичинекей кызын барымтага алып алгандыгы кабарланган.   

Тергөө-ыкчам тобунун курамында келишкен Асаналы Торгоев жана Аззамкул Наширов, биринчилерден болуп вагонеткага киришип, өз үй-бүлөөсүн барымтада кармап жаткан мас жаран менен сүйлөшүүгө киришкен. Сүйлөшүү учурунда, спирт ичимдигине акыл-ээсин алдырган эркек, келинчегин жана кызын атып салууга аракет көргөндө, милиция кызматкерлери өздөрүнүн денелери менен барымтада жаткан адамдарды калкалап калышып, өз өмүрлөрүн беришсе да, аял менен жаш баланын өмүрлөрүн сактап калууга үлгүрүшөт.

40f6238e 0b24 4a64 be7b 80083e9992d7 Ысык-Көлдө «Кайраттуулуктун жумалыгы» акциясы өтүүдө

Иш чаранын учурунда, жогорку класстын окуучулары, милициянын ишмердүүлүгү жана азыркы тапта милиция кызматкерлери кандай сапаттарга ээ болушу керек боюнча өздөрүнүн кызыктырган суроолорун меймандарга беришти. Алардын суроолоруна жооп берген Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев, бүгүнкү күндө да милиция кызматкерлери күнүмдүк кызматындагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө ар дайым кайраттуулукту жана эрдиктерди көрсөтүп жатышкандарын белгиледи.  

Акырында, А. Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары тарабынан даярдалган, укук тартип сакчыларынын кесиптик майрамына арналган сүрөт көргөзмөсүн меймандарга тартуулашты. Окуучулардын мыкты деп табылган эмгектери Ысык-Көл РИИБдин грамоталыры жана белектери менен сыйланды.

Мындай иш-чара бир жуманын аралыгында облустун бардык шаар жана райондордун мектептеринде уланат