Жогорку соттун судьялары шайланды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 20-октябрда парламенттин жыйынында Жогорку соттун судьялыгына үч талапкерди көрсөтүү боюнча президенттин сунушун карады. Аларды депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.

Алар: Тыныбек Бекешов; Сулайманкул Атакулов;Аида Сейдакматова.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча (макул — 88, каршы — 2) Жогорку соттун судьялары шайланды.