Пара алууга шектелип «Достук» текшерип өткөрүү пунктунун башчысы кармалды

Пара алууга шектелип «Достук» текшерип өткөрүү пунктунун башчысы А.Э., УКМКнын Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Ч.Н. жана Чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары К.Б кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

«Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстандын жарандары жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды.

«2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктунун башчысы А.Э., КР УКМК Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Ч.Н., жана ошондой эле КР УКМК чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары К.Б. кармалды. Бардык кармалгандар КР УКМК Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.