“Коопсуз шаар”: айдоочулар өз мезгилинде айып пулдарын төлөбөсө мамлекеттен сыртка чыга алышпайт

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду төлөбөгөн “Коопсуз шаар” карызкорлоруна өлкөдөн чыгууга тыюу салуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу мурунку Санариптик өнүктүрүү министрлигинин экс-министри Дастан Догоев Economist.Kg порталына үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрь күнү маек берүү учурунда билдирген.

Анын айтымында, мындай демилге менен Экономика министрлиги чыгууда. Бул ченемдер жана чектөөлөр 2022 -жылдын ичинде киргизилиши мүмкүн.

Бирок КРдин ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын борбордук аппараты:  “Коопсуз шаар” боюнча жол эрежелерин бузган айдоочулар, өз мезгилинде айып пулдарын төлөбөсө мамлекеттен сыртка чыга алышбайт”, – деп билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, эгерде унаа ээси айып пулду өз убагында төлөбөсө, анда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы мүмкүн. Борбордук аппаратка видеокамералардан мыйзам бузуулар жөнүндө бардык маалыматтар келип түшөт, андан кийин ЖКККБ айып салуу чечимин кабыл алат.

         Айып пулду ыктыярдуу төлөө – 30 күн, андан кийин күнүнө 1% пеня салынат. Пенянын суммасы айып пулдун көлөмүнө жеткенде, материал сот департаментине жөнөтүлөт, ал жерде айып пулду өндүрүү боюнча чечим кабыл алынат. Өз кезегинде сот департаментинин борбордук аппараты бул жаатта карызы бар айдоочуну, же унаа ээсин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салуу чечимин кабыл алышы мүмкүн. Ал эми Чек ара кызматы аткаруучу орган катары, сот департаментинен билдирүү алгандан кийин карызкорду чет өлкөгө чыгарбайт.

         Чек ара кызматынан Bulak.kgге маалым болгондой, кээде адамдар өздөрү ушундай айып пулдары бар экендигин билбей калган учурлары дагы кездешет. Сатып алган, билеттери дагы күйүп кетет. Ошондуктан, департамент автоунаа ээлерин ушундай кырдаалда калбашы үчүн, сапар алдында айып пулдун бар-жогун текшерүүгө чакырат. Муну МККнын электрондук кызматтар порталында транспорт каражаттарын каттоо күбөлүгүнүн номери боюнча жасаса болот.

Муну менен катар эле, чек ара кызматына алдын-ала кайрылып, ал жактан “Чет өлкөгө чыгаарда кандайдыр бир көйгөйлөр болушу мүмкүнбү же жокбу” деген суроого расмий жооп алса болот.

Мына, ушул себептен Bulak.kg мындай кырдаалда айдоочулардын же унаа ээлеринин укуктары бузулабы, эгерде бул демилге кабыл алынса, ал канчалык деңгээлде туура болорун  суроону чечти.

Кубан Садыров, юрист: ““Коопсуз шаар” боюнча көптөгөн суроолор бар, ал толук кандуу талданган жок”

– Эгерде бул демилге кабыл алынса, ал жарандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган биздин мыйзамдарга туура келбейт. Бул айып пулдарды чогултууга гана мүмкүндүк берет. Алар бул демилгени айып пул чогултуу үчүн гана киргизип жатышат. Бул Айдоочулар кодексинин принциптерине дагы  туура келбейт.

“Коопсуз шаар” долбоорунун бир кемчилиги – бул мыйзамдарды жазууда тыкыр изилденип, толук кандуу талдалбаганы. Мисалы, көптөгөн жарандар унааларды ишеним кат аркылуу сатышкан. Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой, “Коопсуз шаар” боюнча айып пул айдоочуга эмес, унаа ээсине жөнөтүлөт. Мындай учурларда маселе жаралат. “Коопсуз шаар” мыйзамында жол эрежеси бузулган учурда унаанын ээси гана жооп берери жазылган. Бул туура эмес. Жоопкерчиликти жол эрежесин бузган айдоочу көтөрүшү керек.

Эми, “Коопсуз шаардын” айып пулун төлөбөгөндөр үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзам кабыл алынса, бул унаа ээлеринин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салат, анда бул эч кандай логикага жатпайт. Айдоочулардын укуктарын коргоо үчүн кошумча аракеттер талап кылынат.

Бул багытта жөнөкөй жаран да өз пикирин редакция менен бөлүштү.

Урмат Мамбеткулов, автоунаа ээси: “Негизи “Коопсуз шаар” долбоору каражат чогултуу долбооруна айланды”

-Чынын айтсам, “Коопсуз шаар” үчүн айып пул салынгандыктан, адамдарды чет өлкөгө чыгарбоо туура эмес. Мисалы, менин тааныштарымдын көпчүлүгү унааларды ишеним кат аркылуу сатышкан. Ишеним каттын мөөнөтү бүтө элек адамдар көп. Же ишеним каттын мөөнөтүн узарткандар бар. Мындай учурда алар эмне кылышы керек? Жок дегенде ушундай нюанстарды караш керек болчу.

Бул элден акча чогултуу максаты. Негизи “Коопсуз шаар” долбоору каражат чогултуу долбооруна айланды. Айдоочуларга мындай талаптарды коердон мурун, адегенде аларга шарт түзүп бериш керек. Мисалы, эң эле жөнөкөй жолдорду оңдоп-түздөп, тыгындар болбоосу үчүн аларды кеңейтүү ж.б.у.с.