Айтылган сөз – атылган ок! Акылбек Жапаровдун убадалары аткарылабы? Серепчилер эмне дейт?

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам чыгаруу комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын бекиткен соң, Акылбек Жапаров жыйында Кыргызстандын бюджетин быйылкы жылдын натыйжасында 280 млрд сом менен, ал эми, келерки жылды 400 млрд сом менен жаба турганын убадалады. Жаңы шайланган премьер-министрге түрдүү суроолор берилгени менен көпчүлүк депутаттар Жапаровдун мындай милдеттенмени алганын кубаттап, колдоп беришти.      

Бирок ошол эле учурда бул убада реалдуубу? Кантип, кайсы булактар менен 400 млрд сомго жеткирет деп күмөн санагандар да жок эмес. Өз кезегинде Акылбек Жапаров программасы кылдат даярдалып, өз максатын туура белгилеп алганын айтты.

Коюлган план, убадаларды жүзөгө ашыруу мүмкүнбү? Жапаров кандай булактар менен бюджетти толтурат? BULAK.KG серепчилердин пикирин сурап көрдү.

Кадырбек Калканов: Бюджеттин бардык булактары эске алынган болсо, тапшырманы аткарса болот

“Жылдын аягына чейин бюджетти 280 млрд сомго көтөрүү деген сөз жалпы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө болуп жатат. Мыйзамда жазылгандай, тиешелүү кодекстин негизинде карап алгач мамлекеттик бюджетке эмнелер кирерин белгилеп алышыбыз керек. Өзүңүздөр билгендей аларга республикалык жана жергиликтүү бюджет, социалдык фонддун жана медициналык камсыздоонун бюджети кирип жалпы мамлекеттик казынанын каражатын аныктайт. Акылбек Жапаров өз сөзүндө тигил же бул бюджет деп белгилебестен, жалпы эле бюджет тууралуу айтты. Эгер, мен атаган бул булактардын бардыгы эске алынган болсо, коюлган маселе чечилет деп ойлойм. Көмүскө экономикада жүргөн кирешелер да ачыкталышы керек”.

Чолпон Алкадырова : Чоңдор чөнтөккө салганды азайтып, мамлекетке иштесе максатка жетүүгө болот

“Бизде чындыгында пайдаланылбаган потенциалдар бар. Анын бардыгын ишке киргизсе Жапаровдун айткандарын жүзөгө ашырууга болот. Ал киши экономист катары билимдүү болгондуктан бул сандарды асмандан албаса керек.  Бажы тармагын жана көмүскө экономика жөнүндө сөз кылды. Бизде мамлекеттик ишканалар бар. Аларды жакшылап иштетсе бюджетти толтурганга мүмкүнчүлүк болот деп эсептейм.

Жаңы салык кодексине ылайык, чакан ГЭС же болбосо альтернативдик энергетикага алып келинген жабдууларга кошулган баага болгон салыкты азайтып жатышат. Анын негизинде мындай ишканалар иштеп калса, иш көлөмүнүн натыйжасында салык көбүрөөк түшүшү ыктымал.

Биз экономисттер канчадан бери көп булактар бар экенин айтып келебиз. Бирок, алар эмнегедир колдонулбайт. Бизде азыр мамлекетте акча жок, жыл сайын бюджет дефицит менен бекитилет. Бирок, элде акча бар, алар бизнес кылып өз күнүн өздөрү кечирүүдө.

Эгер ушунун бардыгына эрки жете турган болсо, табитин тыйып, чөнтөгүнө салганын азайта турган болсо, максатка жетсе болот. Аны канчалык деңгээлде жөнгө салып, ишке ашырары өкмөткө көз каранды”.

70560d16 9629 4252 b786 Айтылган сөз – атылган ок! Акылбек Жапаровдун убадалары аткарылабы? Серепчилер эмне дейт?

Аскар Сыдыков: Дүйнө жүзү экономиканы өнүктүрүү менен алек болуп жатса, биз бюджетти көтөрүүнүн айласын издеп жатабыз

“Мындай кризистик мезгилде дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр экономиканы кантип жандандырабыз, кантип өнүктүрөбүз деп аракет кылып, ойлонуп жатышат. Ал эми бизде айтылган бюджеттин көлөмүн көтөрүү маселеси түздөн-түз экономиканы көтөрүү дегенди билдирбейт. Жаңы өкмөттүн айткан бул сөздөрү, бюджетке басым жасоосу биз үчүн өтө таң калыштуу болуп жатат.

Албетте, пенсия жана жөлөк пулдарды көтөрүш керек. Бирок, аны бюджетти туура башкаруу менен гана көбөйтүүгө болот. Дүйнөлүк рейтинг боюнча биздин бюджетибиз Ички дүң продукциясы менен салыштырганда 39% болот экен. Маселен, Казакстанда бул көрсөткүч 29%ды, Өзбекстан менен Тажикстанда 25%ды түзөт. Демек, биздин өлкөдө азыркы убакта эле бюджеттин кирешеси Ички дүң продукциясына караганда көп дегенди билдирип жатпайбы. ИДПны көбөйтүп, экономиканы көтөрсө бюджет да ага ылайык өсөт. 

100 млрд сомду каяктан алат деген суроо да бар. Баягы эле чоң бизнесмендерди, чоң салык төлөөчүлөрдү кыйнабайбы? Таза иштеген ишкерлер жабыркабайбы?

Албетте көмүскөдөн экономиканы чыгарыш керек. Бирок ошол көмүскөдө керектүү көлөмдөгү каражат барбы? Эгер болсо, кандай ыкма менен чыгарылат деген суроо да жаралат. Мунун бардыгы учурда белгисиз болуп турса да, биз өкмөттү мындай кырдаал оор кезде колдоп, кол кабыш кылышыбыз зарыл”.

Бакыт Дегенбаев: Бюджетти алдыга коюлган пландан ашык да аткарууга мүмкүнчүлүктөр бар

“Акылбек Жапаров туура айтты, бизде колдонулбаган потенциал бар. Кыргызстанда 40% га чейин көмүскө экономика жүргүзүлүп келет. Жапаров пландарын айтып, каяктан жана кайсы булактардан ала турганын да баса белгиледи. Менимче кырдаал жакшы талданып, анализденсе бул реалдуу эле сандар, аларга жетмек түгүл ашып кетсе да болот.

Финансылык дисциплинанын негизинде бажы төлөмдөрү убагында төлөнүп, убагында алынып турса, салык органдары менен иш так аткарылып турса эле планды ишке ашырса болот деп ойлойм.

Айрыкча кичи, орто бизнеске көңүл коюлуп, өнүктүрүүгө жаңы жолдор ачылышы керек. Анткени, бизнес өзү эле казынаны толтуруп коюшу толук мүмкүн. Мисалы, Япония мамлекетинин бюджетинин 80-90% ын кичи жана орто бизнес толтуруп келет. Европада да ушундай 70-80% деген көрсөткүчтөр экендиги белгилүү. Жада калса, Монголия мамлекетинин бюджети биздикине караганда канча эсе чоң.

Тилекке каршы биз бул сандардан азыркы маалда өтө эле алыспыз. Бирок, бул тармактар ишке кире элек, пайдаланыла элек булактар болуп саналат. Тапшырма туура башкаруу менен аткарылса, айтылган сандардан ашып кетүүгө деле мүмкүнчүлүк бар. Менимче, өкмөт өзү аткара ала турган пландан дагы төмөнүрөөк сандарды айтып, запасы менен алды”.

effd2359c9b92ad5dd7e7bdbab331ce7 XL Айтылган сөз – атылган ок! Акылбек Жапаровдун убадалары аткарылабы? Серепчилер эмне дейт?

Назира Түлендиева: Көмүскө экономикадан кутулуу үчүн салык инспекторлоруна материалдык шарт, стимул түзүп бериш керек   

“Кыргызстанда көмүскө экономика күчөп, болжолу менен Ички дүң продукциясынын 50% ын түзүп турат. Эгер өкмөт бул көйгөй, маселелер менен күрөшө турган болсо, анда убадаланган сандарга жетүүгө толук мүмкүн. Салык чогултууда салык инспекторлорун жөн эле басым менен иштетпестен аларга ылайыктуу, стимул бере турган материалдык шарттарды да түзүп бериш керек деп эсептейм. Себеби, мындай аракеттерден кийин кызматкерлер пара албастан, “көлөкөдөгү” мыйзамсыз иштерди аныктап чыгууга өздөрү кызыкдар болушат.

Тигил же бул мыйзамсыз ишканалардын көмүскө кирешелерин аныктап, ачыкка чыгарган салык кызматкерлерине түшкөн каражаттын кайсы бир бөлүгүн берип турса, иш алдыга жылмак. Азыркы маалда инспекторлор бизнес өкүлдөрүнөн пара алып иштеп жатканы эч кимге деле сыр эмес. Маселен, ишкерлер төлөшү керек болгон эки миң сом салыктын ордуна, миң сомду салык кызматкерине берип, башы оорубай отурушпайбы.

Мындай шарттарды жөнөкөй калкка деле түзүп берип, ишин көмүскөдө жүргүзгөндөрдү ачып материалдык пайда көргүлө десе, жардам бергендер көбөймөк. Азыркы тапта бизнес дээрлик салык төлөбөйт”.

Тамерлан Ибраимов:

“Жылдын аягына чейин бюджетти 280 млрд сомго көтөрөбүз деген удабага ишениш кыйын. Мындай сөздөрдү айтып, пландар ишке ашат деп айтууга экономикалык эч кандай жүйөлөр жок деп эсептейм. Өкмөттүн иши азырынча өз эффективдүүлүгүн көрсөтө албай жатат. Азыр бул реалдуу иштер менен коштолуп бекемделбеген гана сөздөр. Менимче, болжолу менен дагы 2-3 ай ичинде жаңы өкмөттүн ишине толук кандуу баа берүүгө болот”.