ӨКМ аскер кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга жогорулайт

2022-жылдын 1-январынан баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда өткөн маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

“Бүгүнкү күндө башкармалыктын башчыларынын кызматтык маянасы (оклад) 12 миң сомду түзөт. Бөлүмдөрдүн улук офицерлери 8 миң 900 сом жана бөлүмдөрдүн офицерлери 8 миң 600 сом айлык алышат. Кийинки жылдан тарта бөлүм башчылар 16 миң 500 сом, бөлүмдөрдүн улук офицерлери менен офицерлери 13 миңден 13 миң 300 сом алышат”, — деди Ахматов.