Түрк фонду Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөттү

«IHH в Нидерландах» түрк фонду Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Түрк фонду Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөттү

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунда жашаган жардамга муктаж 400 үй -бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Шаардыктар керектүү нерселерди ун, өсүмдүк майы, күрүч, кант, макарон, буурчак, таттуулар, коюлтулган сүт жана томат пастасы жана башка азык-түлүктөрдү алышты.

Район башчысы Жамалбек Ырсалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен бирге гуманитардык жардамды таратууга катышты.

Түрк фонду Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөттү

Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон 250 балага жылуу кийим түрүндө гуманитардык колдоо көрсөтүлдү.