Орхан Инанды жактоочусуна кандай жол менен уурдалганын айтып берди

 Кыргызстандан уурдалып чыгарылып кеткен «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жактоочусуна Кыргызстандан кандай жол менен уурдалып, Туркияга чыгарылып кеткени тууралуу айтып берди. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова түркиялык кесиптешинин маалыматына таянуу менен билдирди.

Жактоочу Таалайкуль Токтакунова «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын Түркиядагы жактоочусу менен сүйлөшкөн жана кесиптеши Инанды экөөнүн оозеки сүйлөшүүсүн айтып берген. Анын айтымында, 31-майда түндө дайынсыз жоголгон Инанды 1-июнда өлкөдөн чыгарылып кеткен.

“Болжол менен түнкү саат 23:00 чамасында үч адам кармаган жана алардын экөөсү кыргыз, ал эми бирөөсүнүн бетин көрө алган жокмун. Алар мени жеңил унаага күч колдонуп салды, ошол учурда эле колум сынган. Башыма кап кийгизип, дароо ошол жерден алып кетишти. Анда бут кийимим сыртта калган аны кайра кийгизишкен жок. Чөнтөгүмдөн документтеримди алып, ыргытып жиберишти. Менимче Кара-Балта тарапка бардык, ал жерден мага ийне сайышты. Көп убакыт уктадым. Андан соң ачуу жана таттуу суу берип жатышты, ал уктатуучу дары болушу мүмкүн. Көзүмдү ачсам, туннелден өтүп бара жатыптырбыз. Көпкө жол жүрүп, түшкө жакын бир чек арадан өттүк. Андан соң кичинекей эле учакка отуруп кеттик. Баш аягы 3 унаа котордук”, — деп билдирген Инанды өз көрсөтмөсүндө.

Эске салсак, Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкектеги өзүнүн жашаган үйүнүн жанынан уурдалган. Ал дээрлик бир ай бою дайынсыз болуп, андан кийин 6-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин билдирген.

Инандынын соту 26-октябрда болот.