Коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 19-октябрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 31, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 527 адам дарыланууда.