Ошто 15 жаштагы кыз зордукталды

Ошто 15 жаштагы мектеп окуучусу зордукталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринен шектүү 2006-жылы туулган кыз менен таанышкан. Андан соң аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине түнкү саат 03:00 чамасында унаасына салып алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон.

Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Жабырлануучу кыз мектеп окуучусу. Ал эми даярдалган экспертиза жабырлануучунун зордукталгандыгын, кыздык белгиси жаӊы бузулгандыгын тастыктаган.

“Учурда шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган О.уулу Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ош шаардык соту тарабынан 14-октябрь күнү бир айга камакта кармоо боюнча санкция берилген.

Учурда Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери уланууда. Шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.