Netflix Валентина Шевченко катышкан “Bruised” тасмасынын трейлерин жарыялады

Аталган фильмде негизги каарман болгон мушкер аял – Джекинин ролун америкалык актриса Холли Берри аткарат. Джеки маанилүү беттешин уттуруп коюп карьерасында оор убак башталат.

Жашоодо бир гана мушташ жана спортто өзүн мыкты көрсөтө алам деп эсептейт. Спорттук жолунда кыйын кезеңге туш болгондо, убагында карьерасын тандап, таштап кеткен өзүнүн 6 жаштагы уулу менен мамилесин оңдоого киришет. Бирок, октагон жана атак-даңкты эңсөөсү анын жанын койбой, бул кандуу спорттун жаңы чыгып келе жаткан жылдызына каршы мушташуу мүмкүнчүлүгүн кармап калууга ашыгат. Мындай убакта каршылашы алда канча күчтүү экенине да карабайт.

Валентина Шевченко Джекинин негизги атаандашынын ролун ойногон. Буга чейин кыргызстандык мушкер айым башкы каарманды уруп жаткандагы жана көз караштар дуэлиндеги ызы-чууну чагылдырган тасманын тизери чыккан эле.

Фильмдин режиссеру катары Холли Берри өзү иш алып барды. Бул тармактагы алгачкы тажрыйбасы экендиги белгилүү. Тасманын премьерасы 23-ноябрга белгиленген. Съемка толугу менен 2019-жылы тартылып бүткөн. Кызыгы, кыргызстандык спортчу Голливуд жылдызынын бир нече сөөгүн сындырганына байланыштуу кинопроцесс үзгүлтүккө да учураган.

YouTube video