УКМК мурунку Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрнин тууганын кылмышка шектүү катары кармады

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын кошумча коррупциялык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдогон Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мурунку Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири “С.Ж.К.” дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында, министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды.


Азыркы учурда “С.Ж.К.” карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.