Бишкекте 22 жаштагы кыз жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүздү

Бишкекте 22 жаштагы кыз жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүздү. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ 14-октябрда Жукеева-Пудовкина көчөсүндө «Лексус RX» үлгүсундөгү унаа 1997-жылы туулган Т.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң жол жээгинде турган «Mercedes-Benz» унаасын сүзүп токтогон. Унааны 22 жаштагы Т.У. башкарып бара жаткан.

Жөө жүргүнчү алган жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

YouTube video