Кыргыз тарап Стамбулда кайнатасынын колунан өлүм тапкан жарандын ишин көзөмөлгө алат

Кыргыз тарап Стамбулда кайнатасы тарабынан өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын ишин тыкыр көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 13-октябрында каза болгон 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.А.нын өлүмү туурасында кеңири маалымат алуу максатында, министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова жана консулдук кызматкер Текирдаг провинциясынын Черкезкөй районуна барып, жергиликтүү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуп иликтөө процессин тездетүүнү сурануу менен бирге, бул иш кыргыз тарабынын тыкыр көзөмөлүндө болорун баса белгилеген.

Алынган маалыматка ылайык, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жараны М.А.ны өлтүрүүгө шектүү Түркиянын жараны Ф.А. кармалып, “өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталууда.

Белгиленгендей, Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, 13-октябрда Түркиянын Черкезкөй шаарында 65 жаштагы эркек киши (Түркиянын жараны) 31 жаштагы кыргызстандыкты жиликтеп салганын түркиялык ЖМКлар жазып чыккан.