Кара-Сууда унаанын ичинен 13 килограмм баңгизат табылды

Кара-Суу районунда 13 килограмм баңгизат менен жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында К.К. аттуу жаран кармалган.

d7cbc6f2 b53e 457c 97a5 8d228b30a4b3 Кара-Сууда унаанын ичинен 13 килограмм баңгизат табылды
af74ae30 fe2f 40e9 8787 28bccca3ef47 Кара-Сууда унаанын ичинен 13 килограмм баңгизат табылды

“14-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын аймагында кармалган жарандын унаасынан салмагы 13 килограмм болгон баңгизат каражаты табылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Азыркы баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат”, – деп жазылат маалыматта.