Кайрат Иманалиев КТРКнын башчысынын милдетин аткарат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан жаңы бошотулган Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болду. Анын талапкерлиги КТРКнын байкоочу кеңешинин бүгүн, 15-октябрдагы жыйынында каралганын кеңештин мүчөлөрү билдирди.

Бүгүн КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганы белгилүү болгон.