Дүйнөдө COVID-19 пандемиясына байланыштуу кургак учуктан өлгөндөр көбөйдү

2020-жылы кургак учуктан өлгөндөрдүн саны 2019-жылга салыштырмалуу көбүрөөк болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) баяндамасында айтылат.

Маалыматкатылайык, COVID-19 пандемиясы кургак учукка каршы көп жылдык глобалдык жараянды артка жылдырып, он жылдан ашык убактыттан бери биринчи жолу бул илдеттен өлгөндөрдүн саны кайра көбөйгөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аналитиктеринин пикиринде, негизги көйгөй – кургак учукка каршы иш-чараларга багытталган ресурстардын кыскарышы. Көптөгөн өлкөлөрдө адам жана каржы ресурстары коронавирус менен күрөшүүгө бөлүштүрүлүп, кургак учук илдети көңүл сыртында калган.

ДССУнун маалыматы боюнча 2020-жылы кургак учуктан 1,5 миллион киши өлгөн. Коха таякчасын жуктуруп өлгөндөрдүн саны негизинен 30 өлкөдө, анын ичинде Индия, Индонезия, Филиппин жана Кытайда катталган.

Учурда дүйнө жүзү боюнча 4,1 миллион киши кургак учук менен жабыркайт. Бир жыл аралыгында көрсөткүч 2,9 миллионго көбөйгөн.