Аскар Акаев “Алтын Балалык” реабилитациялык борборунун курулушуна 1 миллион сом берди

Аскар Акаев “Алтын Балалык” реабилитациялык борборунун курулушуна 1 миллион сом берди.

Бүгүн, 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын балалык” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону башталды.

Марафондун максаты — жыл бою жалпы республикадан келген балдар реабилитациядан өтө турган комплекстин курулушун бүтүрүүгө каражат тартуу. Мындан сырткары, Ысык-Көлдүн табигый климаты жана суусу, ылайы менен дарылоо шарттарын эске алып, чет өлкөдөн бейтаптарды тартуу пландалууда. Бул өлкөдө медициналык туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Буга чейин Акылбек Жапаров министрлер кабинетинен атынан 3 миллион, Садыр Жапаров президенттин фондунун атынан 3 миллион, ал эми биринчи айым президенттин үй-бүлөөсүнүн атынан 500 миң сом акчалай каражат беришкен.