Жакалашкан айдоочуларга сөгүш жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясы №199 кичи автобус менен №2 троллейбустун айдоочуларынын ортосундагы чыр тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

“Бишкек троллейбус башкармалыгында тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда ички комиссия өткөрүлдү.

Комиссиянын чечимине ылайык, кыймылдуу курамдын эксплуатация башчысына жана борт номери 1704 троллейбусунун айдоочусу Максат Канатбек уулуна сыйлыктан ажыратылбастан сөгүш жарыяланды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы жана айдоочунун насаатчысы эскертүү алды.

“БайШамТранс” ЖЧКсы жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниянын инженери жана №199 маршруттук каттамдын айдоочусу У.Медетбеков сөгүш алды.

Ошондой эле ташуучу компанияга жана троллейбус башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине айдоочулардын курамы менен жүргүнчүлөрдү маданий тейлөө жана транспорттук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды”, – деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ №199 кичи автобус менен №2 троллейбустун айдоочуларынын ортосундагы чыр чыкканы боюнча видео социалдык тармакта тараган.