“ГАИ” кызматкерлери Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

WhatsApp Image 2021 10 13 at 12.17.37 "ГАИ" кызматкерлери Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөтүштү

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан 15-октябрга чейинки аралыкта өткөрүлүп жаткан “Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аталыштагы акция өтүп жатат. Анын алкагында Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн аппарат кызматкерлери Сузак районундагы улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык мекемесине барып, аталган мекемеге күнүмдүк турмушта керектелүүчү тазалоочу каражаттарды жана башка оокаттарды тапшырып келишти. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер менен бирге барган Жалал-Абад шаарындагы №2 К. Закиров атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган жол кыймылынын жаш инспекторлору өздөрү даярдап келишкен чакан концерттик программасын тартуулап кайтышты.

Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы