Шайлоодогу жаңы система Кыргызстандын бактысын ачабы? Же кайра эле эски жүздөр эсти оодарабы? Серепчилер талдайт

Кыргызстандын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү жакындаган сайын, добуш берүү үчүн киргизилген жаңы аралаш система боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Серепчилердин кайсы бирлери бул система аркылуу өлкө экономикалык абалын оңдоп, социалдык жактан туруктуулукка жетет деп эсептесе, кайсы бирлери эч кандай өзгөрүү болбостугун белгилеп, мурунку эски жүздөр эле келип каларын айтууда.

Жаңы аралаш системанын өзгөчөлүктөрү кандай?

Мажоритардык-пропорционалдык – депутаттардын кайсы бир бөлүгү бир мандаттуу округдар боюнча шайланса, экинчи бөлүгү партиялык тизме боюнча ( Германия, Венгрия, Жаңы Зеландия ж.б. өлкөлөр ) шайланат.

Мажоритардык-преференциалдык, маселен, Италияда парламентке добуштардын 50 пайызынан жогору топтогон депутаттар шайланат.

Өз кезегинде Кыргызстан дүйнөдө башкалардан алдыга озуп, бардык аралаш системаларды бириктирип, Мажоритардык-Пропорционалдык-Преференциалдык системаны кабыл алды.

  • Бир мандаттуу округдардан – 36 округдан 36 депутат шайланат;
  • Пропорционалдык система боюнча – партиялык ачык тизмеде 54 депутат;
  • Преференциалдык система боюнча – шайлоочу өзү 54 депутаттын ичинен бирөөнү (бирөөнү гана) шайлай алат.

Бакыт Жумагулов: Партияларды шайлоодо жабык тизме болуп, коррупциялык ишмердүүлүк өсүп-өнүгүп кеткен

 “Партиялар үчүн шайлоо босогосун 7%га чейин көтөрүп, күрөөсүн да 5 млн сомго чейин чыгаргандыктан, көптөгөн саясий партиялардын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлбөй калган. Аны менен бирге, саясий партиялардын ичинде коррупциялык схемалар катуу өнүгүп кеткенине күбө болдук. Ушул себептерден улам, саясий партиялардын кризисине келип, андан ары саясий кризиске кептелдик.

Мунун артынан партияларда жабык тизме болуп, акча фактору чоң ролду ойногондуктан депутат менен шайлоочунун байланышы жокко чыгып, добуш берүүчүнүн орду экинчи планга түшүп калды.  

Азыр эми бул “жаңы” система аркылуу президент Садыр Жапаров өз командасы менен азыркы саясий кризистен чыгууну көздөп жатат. Бир мандаттуу округдарда катталган талапкер менен шайлоочунун ортосундагы мамиле тыгыз болот деген үмүт бар. Анткени ар бир округда шайлоочунун кызыкчылыгын айта турган талапкер болот. Бирок, Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында бир мандаттуу шайлоодон биз өткөнбүз. Анда конфликттик потенциалдар өтө чоң, нааразычылыктар да көп болгон.

Мындай система, схема толугу менен саясий партиялардын – институт катары өнүгүүсүнө бөгөт коет деп ойлойм”.

Калнур Ормушев: Жаңы система – бийликтин профессионалдуулугун текшерүүчү тест

 Мамлекетти, элди башкаруу системасы эффективдүү жана адилеттүү болбосо, президент иш билги болбосо, жарандар жумшак айтканда жоопкерчиликтүү болбой, аң сезим жетиштүү деңгээлде эмес болсо, өлкөдөгү негизги стратегиялык тапшырмалар туура коюлбаса, эч кандай системаларсыз эле калк көтөрүлө берет. Системаны күнөөлөө коомдук көңүлдү башка тарапка буруу дегенди түшүндүрөт. Шайлоо – бул дайым бийликтин алмашуусу. Демек, түрдүү түшүнбөстүктөр, келишпестиктер боло бериши толук мүмкүн. Ошондой эле мындай шайлоолор аракеттеги бийликтин эффективдүүлүгүн, профессионалдуулугун текшерүүчү тест десек болот”.

Эмил Каниметов: Шайлоого акчасыз адамдын катыша албай турганы калыстыктын бузулганы

“Азыркы президенттин киргизип жаткан аралаш шайлоо системасын эл менен эсептешели деген ниет же аракет катары кабыл алса болот. Ар кандай акчалуулар, олигархтар гана эмес, чет мамлекеттик сырдуу уюмдар да акча салып, колдоо кылган болуш керек деген түрдүү партияларга, аты-жыты жок депутаттарга караганда жүзүн көрүп, ким экенин билген, элге алынган адамдардын депутат болгону ар бир акыл-эси бар адамга туура көрүнөт. Бирок, партиялык шайлоого да, бир мандаттуу шайлоого да акчасыз адам катыша албай турган учурда калыстык болобу? Канткенде калыстыкты, адилеттикти орноткон шайлоо системасы, механизми түзүлөт?

Президент, жаңы бийлик тарабынан элдин ниетин эсепке алган саясат ишарааты болуп жатса, депутаттар, саясатчылар кандай максат менен теңсиздик системасын түптөгөн шайлоо системасын сактоо менен аракеттенип жатышат? Элдин бийлиги деген шар менен элдин теңчилигин ыдыраткан шайлоо системасын орнотууга салым кошуп жаткан кыргызстандык азыркы партиялык лидерлер, депутаттар маселени башка өңүттөн түшүнүүгө чамасы жетеби? Же башка кызыкчылыктары барбы?

Кыргызстандагы шайлоо системасынын тарыхы бир гана 1990-жылдардан берки доор менен чектелбейт. Анын андан мурунку советтик заман гана эмес, падышалык Россиянын карамагына кирген учурдагы жана ага чейинки кыргыз коомчулугунун да баа жеткис тажырыйбалары бар. Ошол тарыха көз салсак азыркыдай акчага добуш сатып алуу, акчанын, криминалдын күчү менен шайлоонун тагдырын чечүү, трайбализм, коррупция, карапайымдарга күйбөгөн күчтүүлөрдүн басымы Акаев, Бакиевдердин доорунда эле жарала калбапыр. Так ошол падышалык колониялдык доордо эле калыптана баштаган. Муну ошол доорду башынан өткөргөн Мукай Элебаевдей кыргыз жазуучулары эле эмес, колониялдык бийликти орнотконго салым кошкон Ч.Валиханов сыяктуу окмуштуулар да ачык жазган.

Мындай шайлоо системасы жемишин бербейт. Акырындап ар бир адам жүрөгүндө туура деген сезим менен шайлай ала тургандай шайлоо системасы, механизмдери калыптанышы керек. Учурдагы информациялык техника, технологиялар аларды калыптандырып, туура жолго түшүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда”.  

Марс Сариев: Эми эл өзү каалаган, туура деп эсептеген талапкерди тандай алат

 “Аралаш система партиялардын диктатынан арылууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин болгон система парламенттик башкаруу формасын дискредитациялап койду. Мунун негизинде Жогорку Кеңеш жабык акционердик коомдой болуп калды. Элдин эмес, партиялардын эгоисттик, жеке кызыкчылыктары гана чечилип калган. Ал эми, азыр мажоритардык системада шайлоочулар өздөрү туура деп эсептеген, абройлуу адамдарды шайлай алышат. Партиялык тизмеде да, өздөрүнө жаккан талапкерлерге биринчи добуш берүүгө жол түзүлөт. Демек, кайсы бир партиядагы талапкер тизме боюнча башкы ондукта жайгашабы же акыркы ондуктабы айырмасы жок. Анын өтөр өтпөсүн жеке персоналдык сапаттарына жараша болот. Ошондуктан мен муну эффективдүү система деп ойлойм. Буга чейинки партиялык тизме менен келгендеги каталар оңдолуп, эл чындап татыктуу деп эсептегендер келет. Мындан ары бул сыяктуу спекуляциялар болбойт. Мурда партиялар башкы алтын ондук деп акча чогултуп, өзүнчө бир бизнес кылышчу.   Азыркы өтө оор экономикалык абалга карабай эл түшүнүү менен кабыл алып, жашоо-турмуштун өзгөрүшүнө ишенип, убакыт берүүдө. Менимче өз убагында жасалып жаткан мындай кадамдардан улам, келерки жылы Кыргызстан бутуна туруп, экономикалык абалын, социалдык тармагын оңдоп кете алат”.

Азамат Темиркулов: Түзүлүп жаткан чоң альянстар өтүп, ЖКнын курамында эски адамдар эле болот

 “Шайлоо системасы өзгөрдү. Бирок, шайлоо системасын өзгөртүүнүн башкы маңызы Жогорку Кеңешке жаңы жүздөрдү алып келүү эмеспи. Азыр партиялар альянстарды түзүп жатышат. Демек, жалгыз партияларга караганда мындай альянстардын жеңишке мүмкүнчүлүгү алда канча чоң. Мындай биригүүлөргө кимдер барып жатканын карасак, баягы эле эски жүздөр. Жогорку Кеңешке өтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү бар жаңы адамдарды камтыган, жаңы бир да партия жок. Мындайларды мен көрбөй турам. Демек, биз буга чейин көрүп эле жүргөн эски адамдар келишет.  Алар чоң жана күчтүү альянстарга биригип жаткандыктан өтүп кеткенге мүмкүнчүлүгү зор. Ошондой эле, бир мандаттуу округдардан да баягы эле саясатчылар бара жатышат. Демек, Жогорку Кеңештин жаңы курамы буга чейинкидей эле болот. Буга байланыштуу тандоо системасынын маңызы ишке ашпаган бойдон калууда. Башкача айтканда жаңы адамдар келбейт. Эгер коюлган максаттар иш жүзүнө ашпаса,  бул реформанын мааниси болбойт”.

Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 13-октябрга карата 300дөн ашып калды.

Партиялар 13-октябрга чейин курултай өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, талапкерлерге тиешелүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырып жетишүүсү шарт.

Боршайком 28-октябрга чейин түшкөн документтерди текшерип чыгып, партияны каттоо же шайлоого коё бербөө чечимин чыгарат. Башкача айтканда, 28-октябрга чейин бюллетенге жазылчу партиялар аныкталып, 29-октябрда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.

YouTube video