Россияда эмгек мигранттардын өлкөгө кирүү режими өзгөрөт

Россиянын Ички иштер министрлиги мигранттарды өлкө аймагына киргизүү режимине өзгөртүү киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, мигранттарды үч режимде киргизүү пландалууда: кыска мөөнөттө, узак убакытка келүү жана дайымкы жашагандар.

Узак убакытка калуу режиминде чет өлкөлүк жарандар жарым жыл ичинде, тагыраагы 90 күндөн ашык убакытка кала алышат. Ал эми кыска аралыкта өлкөдө калуу режими аталган аймакта 90 күн же андан аз убакытка калууга уруксат берилет.

Ал эми дайыма жашаган чет өлкөлүктөр туруктуу жашап туруу укугу (Вид на жительство) берилет жана жарандык алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.