Кыргыз элинин желегин желбиреткендер Бишкекке келди

Спорттук күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнач мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 12-октябрда, “Манас” эл аралык аэропортунда Дүйнө чемпионатына катышкан эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов жана грек-рим күрөшү боюнча спортчу Жоламан Шаршенбековду тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты.

Илязбек Балташев улуттук курама команданы жеңиши менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалады.