Бишкекте жеке турак жай баасы 12% төмөндөдү

Бишкекте жеке турак жай баасы жыл башынан бери орточо эсеп менен 12% төмөндөгөнүн 12-октябрда Tazabek басылмасы мамлекеттик “Кадастр” ишканасынын маалыматына таянып жазды.

Жер тамга суроо-талап Ленин районунда көбүрөөк (34%) экени, экинчи орунда Биринчи Май району, үчүнчү орунда Свердлов району турары аныкталды.

Октябрь районунда көп кабат үйлөр басымдуулук кылгандыктан жер тамдар азыраак, ошондуктан бул район боюнча суроо-талап деңгээли эң төмөн.

Борбор калаанын түштүк-батышындагы Ленин районунда жеке турак жай курулган аймак 2005-жылы жер тилкелери бөлүштүрүлгөндө кеңейе баштаган.